Кайсы жерде жардам беребиз
Фонддун уставы жалпысынан мамлекеттик мекемелерди камтыйт: мамлекеттик бийлик органдары, муниципалитеттер жана бюджеттик уюмдар. Биз саламаттык сактоодон баштадык — калганы маанилүүлүгү аз болгондуктан эмес, мында системанын кечигиши адамга эң кымбатка тургандыктан.
Саламаттык сактоо боюнча документтер даярдалды, Министрлик менен макулдашууга али кол коюла элек. Кол коюлганга чейин биз ишти баштабайбыз.
Саламаттык сактоо

Онкология кызматы, Улуттук онкология жана гематология борбору
Sanarip Med медициналык маалыматтык тутумсынын онкология кызматына тиешелүү бөлүгү.
Системанын архитектурасы жана ыңгайлуулугу менен иштейбиз, адамдардын жазуулары менен эмес: бейтаптардын маалыматтарына жетүүнү сурабайбыз.
Кардиология
Катышуу Министрлик менен макулдашуунун негизинде түзүлгөн өзүнчө протокол менен таризделет: предмети ошол эле, маалыматтар боюнча чеги ошол эле, профилдик уюм башка.
Башка тармактар
Фонд медицина тармагына эле эмес, башка тармактарга да жардам берүүгө даяр. Эгер сиздин мекемеңизде иштеп турган, бирок адамдарга ыңгайсыз система болсо — жазыңыз, чогуу изилдейбиз: welcome@onuguu.org.